Жапаров: МИКте кезекте тургандар массалык түрдө үй алат

Президент Садыр Жапаров МИКте кезекте турган миңдеген тургундар жакын арада үйлүү болорун айтты.
«Кезекте тургандар бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам “оптом” жыласыңар»,
— деди президент.

Өлкө башчысынын айтымында, ал бийликке келгенден бери «2 жылда үй алуу механизмин жөнөкөйлөткөн». МИК «Кыргызкурулуш» мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир баада келишим түзүп үйлөрдү толук салдыртып жатат.
«Чүй облусу менен Бишкекте үйдүн бир чарчы метри 650 доллар, ал эми башка аймактарда 700 доллар. Бул айырма курулуш материалдарын Бишкектен ташылып барганына байланыштуу»,
— деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, МИК кичи шаарлар менен райборборлордо көп кабаттуу үйлөрдү бүткөндөн кийин айылдарда курулуш баштайт. Эски үйлөрдү бузуп, жаңыларды салып беришет.