Ишкер Азрет Боотаев алтын кенин УКМКнын ТИЗОсунда камакта отурган кезинде атайын кызматтын башчысынын досуна өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин билдирүүдө. Анын айтымында, аталган кенди иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевге тиешеси болгон эмес. Ошол эле маалда ал кримтөбөл менен байланышы үчүн камакка алынган.
Боотаев бул тууралуу «Клооп» менен Temirov Live'дын иликтөөсүнө жооп катары Kaktus.media басылмасына билдирген. Иликтөөдө УКМК кызматкерлери Көлбаевди атып өлтүргөндөн кийин кримтөбөл менен болгон байланышы үчүн кармалган Боотаев Чүй облусундагы «Насоновское» алтын кенин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин эски досу Айбек Алыбаев менен уулу Артурга өткөрүп бергени жөнүндө айтылган.
«Кендин чыныгы ээси Көлбаев болгондугу тууралуу Kloop жарыялаган маалыматтын чындыкка дал келбей турганын расмий билдиргим келет», — деди ал.
Боотаев «Ривьера Групп» жана «Акжолтой Майнинг» компанияларын башкарып, аларга Азат Абдраев менен бирге ээлик кылган. УКМК Абдраевдин да Көлбаев менен байланышы болгонун билдирген. Маркум кримтөбөлдүн конфискацияланган мүлкүнүн арасында Абдраевге катталган Бишкектеги батир да болгон.
Эми Боотаев 2022-жылдан 2023-жылга чейин «Акжолтой Майнинг» компаниясынын бардык үлүшүнө жеке өзү гана ээлик кылганын билдирүүдө. Анын айтымында, компанияны «эч кандай кысымы жок эле» 2023-жылы өз ыктыяры менен саткан.
Бирок 2024-жылы ноябрда «Акжолтой Майнинг» компаниясы ата-бала Алыбаевдерге өткөрүлүп берилгенде Боотаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурган.
Боотаев 2024-жылы декабрдын аягында эркиндикке чыккан. Kaktus.media өз булактарына таянып, ал мамлекетке 256 млн сом төлөп, кыймылсыз мүлкүн бергенин жазган.
Кыргызстандын көмүскө лидери, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди УКМКнын кызматкерлери 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте атып өлтүрүшкөн. Ташиев «мамлекет үчүн» Көлбаевди өлтүрүү буйругун бергенин айтып, кийин бул сөзүнөн кайра баш тарткан.
Kaganat Resort эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Аврора групп» компаниясынын ээси Азрет Боотаев ошол эле күнү кармалып, ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылган.
Боотаев кармалгандан бир жарым ай өткөндөн кийин «Акжолтой Майнинг» УКМК төрагасынын досу Айбек Алыбаевдин уулу Артурга жана «Консульере групп» компаниясына кайра катталган.
Бакиевдин президенттиги тушунда Алыбаев менен Ташиев жогорку кызматтарда иштеген. Алыбаев азыр «Жал Групп Азия» компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Бул компания Ташиевдин кичи мекени Жалал-Абадда «Барса» футбол академиясын курган. Азыр эми Бишкекте дагы бирин курууга даярдык көрүүдө.
Бул УКМКга камалып чыккан мурдагы аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү президенттин жана атайын кызмат башчысынын айланасындагы адамдарга өткөн алгачкы учур эмес. Камакта отурганда буларга дагы кимдер мүлкүн өткөрүп бергени жөнүндө бул жерден жана бул жерден окуңуз.