Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара 13-мартта ачылат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасы Согд облустук акимчилигиндеги булактарына шилтеме кылып кабарлашты.
Кыргыз ЖМКларынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн президенттери бүгүн «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттеринин ачылышына онлайн катышат.
Turmush басылмасы жазгандай, кыргыз-тажик чек арасында беш өткөрмө бекет бар:
- «Кызыл-Бел» (Баткен району);
- «Кулунду» (Лейлек району);
- «Кайрагач» (Баткен району);
- «Карамык» (Ош облусу, Чоң-Алай району);
- «Бор-Дөбө» (Ош облусу, Чоң-Алай району).
Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы «Головной» суу бөлүштүрүү пунктундагы куралдуу кагылышуудан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.
Кечээ, 12-мартта Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген. Бүгүн өлкө башчылары мамлекеттик чек ара боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коет деп күтүлүүдө.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан. 27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берип, анда Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.