«Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» чек ара бекеттери ачылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлгандан кийин Лейлектеги «Кайрагач» жана Баткендеги «Кызыл-Бел» бекеттери ачылды.

Чек ара бекеттеринин ачылышына Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон онлайн күбө болушту.

«Кызыл-Бел» бекети эл аралык, ал эми «Кайрагач» эки тараптуу болуп ачылат. Калган кыргыз-тажик чек ара бекеттери этап-этабы менен ишке киргизилет.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин айтымында, эки өткөрмө пунктта оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштери жүргүзүлөт. Буга чейин эки өлкөнүн бажы кызматтары алдын ала маалымат алмашуу протоколуна кол койгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.

Бүгүн, 13-мартта, Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.