Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлду

Image descriptionБүгүн, 13-мартта Бишкекте «Ынтымак Ордодо» Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.

Чек ара келишимине кол коюлгандан кийин Лейлектеги «Кайрагач» жана Баткендеги «Кызыл-Бел» чек ара бекеттери ачылат. Ачылуу аземине эки өлкөнүн президенттери онлайн катышат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы бул өткөрмө бекеттер 2021-жылы куралдуу жаңжалдан кийин жабылган. Анда 36 кыргызстандык, анын ичинде балдар каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажик бийлиги алар тараптан 19 киши өлүп, 87си жаракат алганын билдирген.

Кечээ, 12-мартта Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген.