13-мартта Оштун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчүнүн тапанчасынан ок атылды. Ок жерге тийип, эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу ИИМ маалымат таратты.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү башталды.
«Окуянын чоо-жайы такталып, жеринде тергөө-ыкчам тобу иш жүргүздү. Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү»,
— деп жазылган маалыматта.
Окуяны ИИМ көзөмөлгө алды.