Улакчынын өлүмүнө байланыштуу 2 адам кармалды

Image description12-мартта Бишкекте көк бөрү учурунда каза болгон улакчы Мирлан Сраждиновдун өлүмүнө байлануштуу калыс жана бир улакчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Сокулук районунун «Бөрүлү» жана Оштун «Бүркүт» командаларынын оюнунда «Бөрүлүнүн» 45 жаштагы капитан башчысы жерден улакты көтөрүп жатканда ат менен кагылышкандан кийин жерден тура албай калган. Ал ооруканага жетпей каза тапкан.

Мирлан Сражидинов 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун Камышановка айылында туулган. 13 жашында атасынан айрылып, Бөрүлү айылында чоңойгон. Үч бир туугандын ортончусу. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери көк бөрү оюндарын ойноп келген.