Акын Аскат Жетиген Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн үч жыл абакта болот

18-мартта Жогорку сот акын Аскат Жетигендин иши боюнча акыркы чечим чыгарып, аны үч жылга эркинен ажыраткан Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Былтыр июль айында райондук сот Жетигенди «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, «Жапырт башаламандыктар» беренеси боюнча актаган. Ал сотто тагылган айыптарды негизсиз деп атаган. Кийин шаардык сот райондук соттун бул өкүмүн күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген — белгилүү кыргыз комузчусу, акын жана композитор. Ал 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болгон.

Жетиген 2021-жылдан бери бийликти сындаган видеолорду жарыялап келген. Айрыкча, кумар оюндарын мыйзамдаштыруу, желекти өзгөртүү, активисттердин камакка алынышы жана маданият тармагындагы реформаларга каршы пикирин билдирген.

Жетигенге каршы алгачкы кылмыш иши 2022-жылы козголгон. Буга анын президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видеокайрылуусу себеп болгон. Анда акын бийликтеги «эки досту» эмоционалдуу жана уят сөздөрдү айтып сындаган. Бул иш боюнча Жетиген бир нече жолу суракка алынган.

2024-жылы мартта Жетиген «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталып, кармалган. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Жетигендин кармалышына анын видеокайрылуусу эмес, а 2021-жылы соцтүйүндөргө жазган билдирүүсү себеп болгон. Ал иштин материалдарына «сот башталгандан кийин гана кошулуп калган».

Былтыр май айында акын «УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө аны бир саат бою ток менен кыйноого алышканын» билдирген. Анын айтымында, күч түзүм кызматкерлери башына баштык кийгизип, мындан ары бийликти сындабашы жана кечирим сурашы үчүн сабашкан. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берген эмес.