Бишкектин бийлиги Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү үчүн «Киргизия-1» жана «Киргизия-2» конуштарындагы үйлөрдүн аймагындагы курулуштарды бузууну пландап жатат.
Жергиликтүү тургундар Kaktus.media басылмасына турак жайларын туугандарынан мураска алганын, айрымдары абасы таза райондо жашаш үчүн сатып алышканын билдиришти. Кезинде аларга кызыл китептер берилген.
Бирок 20-мартта тургундар менен мэриянын өкүлдөрү жолугуп, эки конуштагы 60 үйдүн жер тилкелери «жолду кеңейтүү зонасына туш келгендиктен», андагы курулуштар бузуларын билдиришкен. Ага ылайык, айрымдарынын дубалы бузулса, башкалары таптакыр эле үй-жайсыз калышы мүмкүн.
«Аткаминерлер биз кызыл сызыкка кирип кеткенибизди айтып жатышат. Биз эмес, кызыл сызык биздин жерлерге мыйзамсыз кирип кеткен. Ошондуктан аткаминерлердин бардык аракеттери мыйзамсыз», — деп билдиришти тургундар.
Мэрия 1970-жылдардагы башкы планга таянууда
22-мартта Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев менен бирге Айтматов проспектисинин кеңейтиле турган тилкесине барган. Калаа башчысынын айтымында, мэрия негиз катары шаардын 1970-жылдары бекитилген башкы планын алган. Ага ылайык, «[үйлөрдүн аймагы] жолдун жээгинен 12-14 метрге ичкери кириши керек».
Жунушалиев жеке менчик укугун эч ким жокко чыгарбаганын белгилеп, ошол эле маалда алына турган жер үчүн кенемте төлөө каралбаганын билдирди. Мэрия үй ээлерине белгиленген аймактарды бошотуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөттү.
Тургундар башкы планды алардын жеке менчикке болгон укуктарын эске алуу менен өзгөртүүнү сунушташты, бирок мэр буга макул болгон жок.
«Эгер биз ар жолкусунда эле шаардыктардын кызыкчылыктары үчүн башкы планды өзгөртө берсек, анда шаар менен эмне болот? Башкы планды мен түзгөн эмесмин, ал 70-жылдары бекитилген», — деди Жунушалиев.
Kaktus.media'нын маалыматына ылайык, шаар бийлиги аталган эки конуштун тургундарына жолугушуу белгилеп, анда алардын «кызыл сызыкка кирип кеткенин» ырастай турган документтерди көрсөтүүнү убадалады.
Шаардыктар алдандыбы?
Былтыр ноябрдын аягында шаар бийлиги Айтматов проспектисинин боюндагы теректерди кыя баштаган. Мэриядан муну теректердин эскирип калганы жана жарандарга «коркунуч жаратары» менен түшүндүрүшкөн. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев кыйылган теректердин ордуна 4,5 метр бийиктиктеги клен дарактары отургузуларын билдирген. Анын айтымында, теректердин кыйылганына ыйлап жаткандар «кийин кубанышат».
Бирок кийинчерээк миңден ашык теректин шашылыш кыйылышы жолду кеңейтүүгө байланыштуу экени белгилүү болгон. Бийлик Айтматов проспектисинин Семетей жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн алты тилкеге чейин кеңейтүүнү пландап жатат. 17-мартта жолдун аталган тилкеси жабылып, реконструкция иштери башталды.
Кийинчерээк Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жолду кеңейтүү долбоорун Президенттин иш башкармалыгы ишке ашырып жатканын билдирген.
«Бул өзгөрүүлөр шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган.. [...] Натыйжада, Чыңгыз Айтматов проспектиси жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана унаалар үчүн ыңгайлуу, заманбап көчөлөрдүн бирине айланат», — деген ал.