22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованы 19-майга чейин ТИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Кылмыш ишинин козголушуна журналисттин мамлекеттик пропаганданы манипуляцияга айыптап, анын 2022-жылы Тажикстанды агрессор деп атап, эми кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштуу келишимди колдоп жатканы жөнүндөгү Фейсбукка жазган билдирүүлөрү себеп болду.

Адвокат Нурбек Сыдыков милиция 20-мартта Мамыркулованы алдын ала суракка чакырбастан эле үйүнөн кармап кеткенин билдирүүдө.

Ошол эле күнү кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналист «жапырт башаламандыктарга чакыруу» иши боюнча кармалганын кабарлаган. Мекеменин билдирүүсүндө кылмыш иши журналисттин посттору соттук-лингвистикалык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин козголгону жазылган.

Милиция журналист Facebook баракчасы аркылуу «кыргыз-тажик чек арасы боюнча бурмаланган маалыматтарды» таркатканын билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, анын посттору «коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, жапырт башаламандыктарды уюштурууга, ошондой эле кыргызстандыктар менен коңшу өлкөнүн жарандарынын ортосунда улут аралык кастыкты козутууга» алып келиши мүмкүн болгон.

Посттордун негизги мааниси — 2022-жылы Тажикстандын агрессиясы жөнүндө жазып, азыр болсо эки өлкө ортосундагы чек ара келишимин колдоп жаткан адамдарды, анын ичинде бийликтин тарапташтары менен пиарчыларын сындоо.

Кеп 2022-жылы сентябрда болгон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы чек ара жаңжалы жөнүндө болууда. Анда президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Тажикстанды Кыргызстанга карата агрессия жасоого айыптаган. Бирок ага чейин эле кыргыз ЖМКлары менен соцтүйүндөрдө тажик тараптын агрессиясы жөнүндө көп айтылган.

Мамыркулованын посттору:

Мамыркулованын кайрылуусу

Журналист кармалгандан кийин кыргызстандыктарга кыска кайрылуу жазып жиберген:

«Урматтуу кыргыз эли! Чек ара меники же башканыкы эмес, жалпыбыздыкы. Мен кылмыш кылганым жок. Мен принцип деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикиримди билдирдим. Кудай алдында, ата-бабаларымдын жана элдин алдында айыптуу эмесмин».

Жаңы берене жана журналисттин кармалышына реакциялар

22-мартта Мамыркуловага «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча дагы бир айып тагылганы белгилүү болду.

Ошол эле күнү сот журналистти май айынын аягына чейин ТИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды.

Укук коргоочулар менен медиакоомчулук Мамыркулованын постторунда кастыкты козутуунун же жапырт башаламандыктарга чакырык жасоонун белгилери жок экенин айтып, журналистти колдоп чыгышты.

«Посттордун скриншотторунда бийликти сындагандан башка эч нерсе жок. Ал эми бийлик сын-пикирлерге чыдоого милдеттүү, ал бийлик болууну чечкенде элдин сынына макул болгон. Болбосо элдин баарын камаш керек… Жөн гана беренелерди чампалап чаптай берүү — адамга каршы кылмыш жасоого тете», — деп жазды укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова.

Юрист Нурбек Токтакунов да Мамыркулованын постторунда мыйзамсыз эч нерсе жок экенин билдирүүдө.

«Алардан эч кандай кылмышты көрбөй турам. Ошондуктан анын кармалышына бийлик чөйрөсүндөгү кимдир бирөөнүн жеке кастыгы себеп болду деп ойлойм», — деди ал.

Бийликти Мамыркулованы бошотууга Кыргызстандын медиакоомчулугу да чакырды. Журналисттер кармалган кесиптешинин постторунда кылмыштын курамы жок экенин билдирип жатышат.

«Укуктук билими жок адамга деле бул посттордо зомбулукка, башаламандыктарга же улут аралык кастыкка чакырык жок экени көрүнүп турат. Бул маанилүү маселелер боюнча жарандык пикирди билдирүү. Буга Канышай Мамыркулованын толук укугу бар, аны Конституция кепилдеген толук укугу бар. Пикирди кылмышка теңөө аракети — Конституцияны одоно бузуу болуп эсептелет, бул үчүн укуктук жоопкерчилик каралган», — деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле Мамыркулованы эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму да колдоп чыкты. «Бийлик сотту көз карандысыз журналисттердин оозун жаба турган курал катары колдонууну токтотушу керек», — деп билдирди уюм.