Бозгун президент Курманбек Бакиев Минск жана Жалал-Абад шаарында ооз ачар өткөрдү

Бакиевдин куттуктоосу делген текстти жана сый тамактын видеосун Аскаттейит Нурудунов аттуу фейсбук колдонуучусу 24-мартта жарыялады.

Видеодо Минскидеги ооз ачар жергиликтүү мечиттердин биринде, ал эми Жалал-Абаддагы сый тамак «Кыргызстан» ресторанында уюштурулганын көрүүгө болот.

Жалал-Абаддагы ооз ачарда кеминде 370 кишиге ылайыкталган 30дан ашык дасторкон даярдалган. Келгендерге сый тамак тартылып, куран окутулган.

Ал эми Бакиевдин куттуктоосу делген текстте быйыл март революциясына 20 жыл болгону, бул күн «ошол кездеги бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы, тургундардын нараазылыгынан келип чыккан чыныгы элдик ынкылап» экени айтылат.

«Кыргызстандын келечеги кең болуп, экономикасы көтөрүлүп, бай өлкөлөрдүн катарынан орун алып, элибиз ынтымак, ырыс, бакубаттык, тынчтыкта болушун каалайм. [...] Сыртта жүргөнүмө байланыштуу өлкөнүн баардык региондорунда ооз ачар өткөрүүгө шарт болбой калды. Кудай буюрса андай күндөр да болуп калар», — деп белгиленген текстте.

Буга чейин бозгун президенттин уулу Максим Бакиев өлкөгө келгени кабарлынып, бул маалыматты УКМК да, президент Садыр Жапаров да четке каккан.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качкан — анда митингдин катышуучуларына ок атылып, расмий маалымат боюнча 80ден ашык киши каза болгон.

Кыргызстанда Бакиев бир канча кылмыштарга айыпталып, сыртынан 30 жылга соттолгон.