Суусамыр — Талас — Тараз автожолун кытай компаниясы реконструкциядан өткөрөт

Транспорт министрлиги Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоо үчүн кытайлык Shaanxi Construction Engineering Group компаниясы менен келишимге кол койду.

Сөз Таластан Казакстан менен чектешкен «Кичи-Капка» көзөмөл өткөрмө пунктуна чейинки 93 чакырым жол тууралуу болуп жатат. Жол Талас облусунан башталып, Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун камтыйт.

Жаңы жол тургундар жашаган аймактарда төрт тилкелүү, ал эми калк жашабаган жерлерде эки тилкелүү болушу керек.

Курулуш 2025-жылдын апрель айынын ортосунда башталып, үч жылга созулат. Жолго беш жылдык кепилдик берилет.

Экономика министрлиги 2023-жылы Суусамыр — Талас — Тараз жолунун төртүнчү этабын реканструкция кылууга 105,2 миллион доллар кетерин билдирген эле.

Министрлик Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 жылдык мөөнөткө 50,2 миллион доллар бөлүнөрүн билдирген. Мындан тышкары, транспорт министрлиги Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фондунан 15 миллион доллар насыя алууну пландаган.