Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алымбеков «Клоопко» коомдук транспортто айдоочунун жүк катары бөбөк арабасына кошумча акы талап кылганы мыйзамдуу деп билдирди. Анын айтымында, бул боюнча 2022-жылы Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган токтом бар.
Ага ылайык, эгер жүргүнчүнүн жүгү 1 метрден узун, туурасы 50-60 сантиметрден чоң же салмагы 40 килограммдан ашса, кошумча 17 сом төлөнүшү керек. Бул талап бөбөк арабаларына да тиешелүү.
«Жүккө бөбөк арабасы деле кирет. Кандай нерсе болбосун белгилүү бир өлчөмдөн ашса, жүк болуп эсептелет. Автобустун ичинде бөбөк арабасы жана майыптыгы барлар үчүн атайын бөлүнгөн жай бар. Ошол белгини айрымдар бөбөк арабалары үчүн бекер деп түшүнөт экен. Ал атайын эрежеге ылайык көрсөтүлгөн эле белги», — деди ал.
Буга чейин автобустун айдоочусу бөбөк арабасы үчүн кошумча акы талап кылганы тартылган видео соцтүйүндө талкуу жараткан. Кийин Транспорт департаментинин жарыялаган видеосу да сынга кабылган — анда «автобуска кирерде баланы колго көтөрүп, арабаны бүктөп алып чыгыңыз» деген кеңеш айтылган.
Көп өтпөй соцтармактагы комментарийде тургундардын сынына Транспорт департаменти аталышындагы аккаунттан «Жумурткадан кыр издебегилечи» деген өңүттөгү жооп берген скриншот тараган. Буга колдонуучулар нааразы болгон.
Алымбеков ал аккаунттун Транспорт департаментине жана мэрияга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.