Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу июндун аягына чейин узартылды

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Тынч жыйындар өтө турган жерлерди чектөө тууралуу» райондук акимчиликтин чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ага ылайык, эми шаардын борбордук бөлүгүндө 30-июнга чейин митинг өткөрүүгө болбойт.

Акимчилик жүйө катары Биринчи май району баш калаанын борбордук бөлүгү экенин, анда Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун имараттары сыяктуу стратегиялык маанидеги объектилер, ошондой эле борбордук аянт жайгашканын билдирди.

«Ала-Тоо аянты жарандар талаптарын өлкө жетекчилигине жеткирүү үчүн митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрө турган жер болуп калганы жалпыга маалым. Ал эми аянтка стратегиялык жактан маанилүү болгон жогорудагы имараттар жакын жайгашкан», — деп жазылган акимчиликтин билдирүүсүндө.

Чечимге ылайык, шаардын төмөнкү жерлеринде митинг өткөрүүгө болбойт:

  • Ала-Тоо аянтында;
  • Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин Эркиндик бульварында;
  • Жогорку Кеңештин алдында;
  • Панфилов атындагы паркта;
  • президенттин администрациясынын алдында;
  • Турсунбаева атындагы сквердин аймагында;
  • Жогорку соттун жанында;
  • Орусия элчилигинин алдында;
  • УКМК жана ИИМдин имараттарынын алдында.

Ошол эле маалда бул тыюунун мамлекеттик расмий иш-чараларга тиешеси жок. Андан башка митингдердин баары Горький атындагы гүл бакта гана өтүшү керек.

Буга чейинки тыюунун мөөнөтү марттын аягына чейин болчу. Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгон жарандар 1-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө ниеттенип жатышкан.

Былтыр декабрда президент акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда бир дагы митинг болбогонун билдирген. Анын айтымында, өлкөдө «туруктуулук орноп», «экономика көтөрүлдү».

Бишкекте митинг өткөрүүгө биринчи жолу 2022-жылы мартта, Орусия элчилигинин алдындагы согушка каршы жана Украинаны колдогон акциялардан кийин тыюу салынган. Андан бери чектөө үч ай сайын узарытылууда. Бирок бул баш мыйзамга каршы келет.