УКМК жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти. Буга Болот Темировдун кандай тиешеси бар?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарандарга жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскерткен кезектеги пресс-релизин жарыялады. Буга журналист Болот Темировдун соцтүйүндөргө жазган билдирүүсү себеп болгон.

Күн мурун Темиров тестиер бала тарткан видеону жарыялаган. Анда кара түстөгү «Хонда» унаасы жана ичинде отурган эки кишини көрүүгө болот.

Аларды видеого тартып жаткан бала: «Мына, атам жокто ушул кишилер бизди коркутуп жатышат», — деген.

Андан соң ал унаанын номурун жана ичиндеги кишилерди жакындатып тарткан. Видеодогу диалогдон баланын атасынын соту аяктаганы жана чечим чыкканы түшүнүктүү болот.

Видеодо унаадагы кишилер бир нерсени түшүндүргүсү келгенин айткан, бирок балдар (эркек бала менен кыз) аларга адвокаттар менен пробациядагылар баарын айтып беришкенин билдиришкен.

«Аларды биз жогору жактан текшерип жатабыз. Жөн гана апаңды чакырсаң», — деген унаадагы кишилердин бири.

Бирок балдар апасы жок экенин, ал аларды таштап кеткенин айтышкан.

Болот Темиров өзүнүн Телеграм-каналына УКМК кызматкерлери Ысык-Көлдө эми балдарды коркутууга өткөнүн жазган. Анын айтымында, балдардын атасы 278-берене — «Жапырт башаламандык» боюнча соттолгон.

«Бирок, алар мындан кийин да барып, атасы жокто балдарды коркутуп жатышат», — деген Темиров.

УКМК жарыяланган видеодогу окуя боюнча түшүндүрмө берген жок. Болгону ал маалыматты төгүндөп, жарандарды «чагымчыл, жалган маалыматтарга» ишенбөөгө чакырды.

Мындан тышкары мекеме «Кыргызстанда башаламандык кылууну максат кылган мындай чагымчыл жана жалган маалыматтарды» таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.

УКМК бийлик жалган же чагымчыл деп эсептеши мүмкүн болгон маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскерткен билдирүүлөрдү байма-бай чыгарып турат. Ошол эле маалда мекеме эскертүү менен гана чектелбейт. Кыргызстандыктар соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн дайыма сурактарга чакырылып, кармалып, абакка камалып келишет.

Бул жөнүндө кененирээк «Клооптун» «Кыргызстанда ким жана эмне үчүн репрессияланууда?» деген иликтөөсүнөн окуңуз.