Ысык-Көлдө өлгөн ак куулардын ичинен балык уулоочу илмектер табылды

Ысык-Көлдө өлгөн ак кууларды сойгон учурда, айрымдарынан балык уулоочу илмектер жана тордун калдыктары табылды. Жаратылыш ресурстары министрлиги алар браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин билдирип, өлүмүнүн себебин иликтөөдө.

Орнитолог Сейитказы Сагынбаевдин айтымында, эгер адамдар ак кууларга өтө жакын барса, алар коркуп, терең сууга кетип, азык таппай ачкадан өлүшү да мүмкүн.

«Ак куулардын көбү Сибирь менен Казакстандан кыштоого Ысык-Көлгө учуп келишет. Алар азыктарын тайыз жерлерден табышат. Эгер адамдан корксо терең сууга кетип, узун жол жүрүгөндүктөн алсырап, ачкадан өлүп калышы мүмкүн. Биз аларга атайын тамак берип, шарт түзүп бере албайбыз. Аларга азык таштап берүү да туура эмес. Эң маанилүүсү – аларды коркутпоо керек, анткени адамдардан чочуп, тамак таба албай калышы мүмкүн»,
— деди орнитолог Сагынбаев.

Министрлик экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча чаралар көрүлөрүн билдирди.

2025-жылдын январындагы эсеп боюнча, Ысык-Көлдө 64 түрдөгү ак куу жашап, алардын саны 68 077ге жеткен. Көлдө жалпысынан 31 түрдөгү суу канаттуулары жана 60 035ке жакын суу жаныбарлары бар. Алардын жети түрү Кызыл китепке кирген.