Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн саны 17ге жетти

Бүгүнкү жер титирөөдө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында саат 12:00гө карата 17 турак үйдүн дубалдарында майда жаракалар кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Жабыркаган 17 үйдүн 11и камсыздандырылып, 6 турак жай камсыздандырылган эмес.

Авариялык абалдагы турак жайлар жок, учурда тактоо иштери улантылууда.

Буга чейин ӨКМ 5 үйдө жарака кеткенин билдирген эле.

Эгер жер титирөөдөн үйүңүз жабыркаса, 112 номерине акысыз күнү-түнү байланыша аласыз.