Азия чемпионатында кыргыз балбандары 6 медаль тагынды

Image descriptionИорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло, жалпы 6 медаль жеңди.

Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш медаль утту.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло медалга татыды.

Ал эми грек-рим күрөшүндө Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) коло медаль алды.