Кара-Сууда өспүрүм кыз асынган абалда табылды

Image descriptionКара-Суу районундагы Баш-Булак айылында 16 жаштагы өспүрүм кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

Сырттан кароо жүргүзүлгөндө жаракаттар байкалган эмес, ата-энеси сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткан.

Өлкөдө жыл башынан бери өспүрүмдөр өз жанын кыйган бир нече учур катталды. Маселе парламентте көтөрүлүп, ИИМ жана Билим берүү министрлиги ыкчам иш алып барышы керектиги айтылган.