Ош шаарына троллейбустарды сатып алуу үчүн €14 млн ашык насыя алынат

Өлкө бийлиги Ош шаарына троллейбустарды сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя алат. Бул тууралуу 31-мартта парламент депутаты Дастан Бекешев телеграм-каналына жазды.

Насыянын пландалып жаткан өлчөмү — €14,74 млн түзөт, дагы €5 млн грант катары берилет.

Депутаттын маалыматына ылайык, Ош мэриясы насыя алуу үчүн билдирмени 2024-жылы октябрда берген.

«Ошол маалда Бишкек мэриясы троллейбустар — транспорттун эскирип калган түрү экенин, анчалык деле экологиялуу эместигин, шаардын көрүнүшүн бузарын жана электр энергиясын көп талап кылгандыктан, өтө эле чыгымдуу экенин билдирип жаткан. “Анда жүргүнчүлөр деле жүрбөй калды” деп да айтышкан. Мен муну караандай калп деп эсептейм», — деди Бекешев.

Ал тескерисинче, көптөгөн шаарларда троллейбус транспортун өнүктүрүп жатышканын белгиледи.

«Бизде [Бишкекте] зымдарын алып, баары кооз жана жакшы болорун айтышкан. Ошол эле учурда Ош шаары троллейбустарды сатып алууга жана транспорттун бул түрүн көбөйтүүгө билдирме берген», — деди Бекешев.

Депутат троллейбустар үчүн деп 2018-жылы алынган буга чейинки насыянын «тагдыры» белгисиз экенин, аны парламенттик комитеттин бүгүнкү жыйынында такташарын кошумчалады.

Өткөн аптада сынап көрүү жана айдоочуларды окутуу үчүн Кытайдан Бишкекке электробустардын сынамык партиясы жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Бишкек мэриясы троллейбустардын ордуна транспорттун дал ушул түрүн каттамдарга чыгарууну пландап жатат. Бул жөнүндө былтыр жазында эле айтылган.

Жергиликтүү активисттер бул демилгеге каршы болуп, электробустардын аккумуляторун экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып чыгышкан. Бирок мэр Айбек Жунушалиев троллейбустар «эскирип калганын жана актуалдуулугун жоготконун» билдирген.

29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган. Мындан тышкары калаа бийлиги Нарын шаарына алты, Баткен облусуна тогуз троллейбус берген. Бул чечим боюнча активисттер Бишкек мэриясын сотко беришкен. Ал боюнча териштирүүлөр дале уланууда.

Троллейбустар Бишкектин көчөлөрүндө 2024-жылдын 4-ноябрынан тарта жүрбөй калган. Ал арада баш калаанын аймактарга берилген троллейбустары колдонулбай турат.