БУУ Temirov Live'дын тогуз журналистинин камалышын мыйзамсыз деп тапты

БУУнун жумушчу тобу Temirov Live жана «Айт Айт десе» долбоорлорунун тогуз журналистинин камалышын мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Human Rights Watch уюмунун баяндамасында айтылат.

Анда тогуз журналист бийликтин дарегине өздөрүнүн мыйзамдуу пикирин билдиргени үчүн кармалганы белгиленген.

БУУ Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны жана Азамат Ишенбековду толук актоону, ошондой эле алардын соттолушуна күнөөлүү адамдардын баарын жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Уюм ошондой эле мыйзамсыз соттолгон журналисттер үчүн кенемте төлөп берүү маселесин да көтөрдү.

Мындан тышкары жумушчу топ кыргыз бийлигин журналисттердин соттолушуна байланышкан жагдайлар боюнча толук тергөө жүргүзүүгө чакырды.

Долбоордун журналисттеринин бири — Жумабек Турдалиев — өз атынан БУУга арыз тапшырууга уруксат бербегендиктен, ал боюнча чечим жок.

Ал эми Temirov Live'дын башчысы Махабат Тажибек кызынын ишин жумушчу топ өзүнчө карап жатат жана ал боюнча чечим кийинчерээк жарыяланат. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында, «бул абалды оңдоо учүн бийликке убакыт берилип жатканы менен байланыштуу». Мындан улам уюмдун баяндамасында кармалган 11 журналисттин тогузу жөнүндө гана жазылган.

БУУга «Акыйкаттык үчүн» Клуни фонду арыз менен кайрылган. Укук коргоочулар журналисттердин ишинен көптөгөн мыйзам бузууларды табышкан. Уюмдан белгилешкендей, процесстин жүрүшүндө сот дээрлик айыптоо тараптын эксперттеринин корутундуларына гана таянган. Өз кезегинде бул соттолуучулардын тараптардын тең укуктуулугуна болгон укуктарын бузган.

25-февралда Жогорку соттун коллегиясы «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо» иши боюнча төмөнкү баскычтагы соттордун Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун башчысы Махабат Тажибек кызына, журналист Айке Бейшекеевага жана «Айт, айт десенин» кызматкери Азамат Ишенбековго карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Ага ылайык, Тажибек кызы алты, Ишенбеков беш жылга абакка кесилип, Бейшекеева үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарылган.

11 журналист 2024-жылы 16-январда кармалган. Ал учурда алардын айрымдары Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунда иштеп жатса, башкалары бул басылмаларда мурда иштеп кетишкен.