Быйылдан баштап эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
«15-августтан кийин жалпы профилактикалык кароодон өткөнү жана эмдөөлөр тууралуу маалымкаттарды мектепке сөзсүз алып келүү керек. Эмдөөдөн өтпөгөн балдар токтом боюнча мектепке алынбайт», — деди Самыкбаева.
Эмдөө боюнча аныктама саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык ооруканаларды санариптештиргенден кийин суралбай калат.
«Бул аныктаманы алуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин базасы менен бириктирип алсак жакшы болмок. Министрликтеги бардык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун санариптештиргенден кийин, бул маалымкатты ата-энелерден сурабай калабыз. Электрондук каттоону киргизүүнүн негизги себеби да ушул»,— деди Самыкбаева.
Мындай талап атайын токтом менен бекитилген. Самыкбаеванын айтымында, мектепке кабыл алуу процесси санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө жүргүзүлөт.