Депутат Дастан Бекешев шайлоо системасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланган парламенттин 4-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңеш де-юре жана де-факто элиталык клуб болуп каларын билдирди.
Ал президенттин маегинде айтылгандай, мыйзам долбоорунун максаты — саясий жемкорлукту жоюу экенин эске салды. Бирок анын айтымында, документтеги айрым пункттар бул максатка каршы келүүдө.
Депутат мыйзам долбоорунда өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөндөр үчүн шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин көбөйтүү, ошондой эле талапкердин жеңишке жеткен-жетпегенине карабастан, ага күрөөнү кайра кайтарып бербөө сунушталып жатканын белгиледи.
«Катардагы дарыгер, мугалим, өрт өчүргүч же социалдык кызматкер [шайлоого] катыша албай калат. Анда дароо эле “сен кедейсиң, үйдө отурушуң керек” деп айталы. Бул байлар үчүн гана шайлоо болот. Күрөөнү мурдагыдай 100 миң сом өлчөмүндө калтыруу зарыл», — деди Бекешев.
Мындан тышкары ал демилгечилер шайлоо фондун 10 млн сомдон 20 млн сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап жатышканын билдирди.
«Кайра эле акчасы бар жана шайлоодо аны чача ала турган адамдарга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Жок дегенде фондду бир жарым эсеге эле көбөйтүп, эң жогорку чекти 15 млн сом деп белгилөө керек», — деди Бекешев.
Ал мыйзам долбоорунда үгүтчүлөрдүн санын 500дөн 1000ге чейин көбөйтүү сунушталып жатканын айтып, 2020-жылы бийликчил «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялары «3 миң сомго чексиз сандагы үгүтчүлөрдү жалдап алганын» эске салды. Депутат ошол парламенттик шайлоодон кийин үгүтчүлөрдүн санын чектөөнү өтүнгөнүн белгиледи. Бекешевдин айтымында, үгүтчүлөр анда үгүт жүргүзүүнүн ордуна, шайлоо тилкелерине өздөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн алып барышкан.
«Талапкер [ар бирине] 3 миң сомдон берип, расмий түрдө 3 миң кишинин добушун сатып алат. Бул добуш сатып алууну мыйзамдаштыруу. Юридикалык жактан да, иш жүзүндө да парламент миллионерлер үчүн элиталык клубга айланат», — деди ал.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар эл өкүлдөрү парламенттеги 90 депутаттын баарын тең мажоритардык система боюнча шайлоону демилгелешкен. Алардын пикиринде, мындай өзгөртүүлөр «Жогорку Кеңештин курамын партиялык тизмелер боюнча түзүүдөгү кемчиликтерди жоет».
20-мартта парламент «ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган.
Демилгечилер ар биринен үчтөн депутат шайланып келе турган 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округун түзүүнү сунуштап жатышат. Округдардагы мандаттардын экөө эркек, бирөө аял талапкерге берилип, парламенттеги 90 орундун 30дан кем эмеси айымдарга тийет.
Эгер аял талапкер өз округунда добуштардын саны боюнча биринчи же экинчи орунду алса, анда парламенттеги депутат айымдардын саны дагы да көбүрөөк болот.
Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин 54 депутаты партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.