Жалал-Абад облусунда коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүү иштери жүрдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда түшүндүрүү иштери жүрүп, жарандарды никаб кийбөөгө чакырышты.
«Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда “никабтарды” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт», — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзам аткарылбаса, административдик жаза белгиленерин билдирди.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 21-январында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Бул тууралуу өлкө башчысы Facebook баракчасына да пикирин билдирип жазган. Анда көчөдө жүзүн жашырып жүрүүгө болбойт деген тыюулар бар.