Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Бишкек милициясын журналист Канышай Мамыркулованы бошотууга, сотторду анын баш коргоо чарасын кароодо «саясий буйрукту эмес», мыйзамдын талаптарын аткарууга, ал эми президентти Кыргызстанда сөз эркиндигинин корголушун камсыз кылууга чакырды.
Буга чейин милиция журналист Facebook баракчасы аркылуу «кыргыз-тажик чек арасы боюнча бурмаланган маалымат» таратканын билдирген.
Бирок платформанын өкүлдөрү Мамыркулованын постторунда кылмыштын курамы жок экенин белгилеп жатышат.
«Биз ишти козгоого негиз болгон билдирүүлөрдү кылдаттык менен карап чыктык. Анда зомбулукка, башаламандыкка, улут аралык араздашууга чакырыктар жок экени айкын көрүнүп турат», — деп жазылган платформанын билдирүүсүндө.
Уюмдан Мамыркулова маанилүү маселелер боюнча жарандык пикирин билдиргенин жана Конституция боюнча буга толук укуктуу болгонун белгилешти.
«Пикирди кылмышка теңөө аракети — Конституцияны одоно бузуу болуп саналат. [...] Мамыркулова көп жылдар бою өзүн жоопкерчиликтүү, объективдүү, принципиалдуу журналист катары көрсөтүп келе жатат. [...] Белгилей кетсек, ал бир кезде азыркы президент Садыр Жапаров абакта отурганда кыйын кырдаалга туш болгон адамды коргоп позициясын ачык айтуудан корккон эмес. [...] Бүгүн болсо ачык пикири үчүн өзү запкы жеп отурат», — деп билдиришти уюмдан.
Платформадан ошондой эле Мамыркулова өнөкөт оорулар менен жабыркай турганын жана анын абакта кармалышы саламаттыгына коркунуч жаратып жатканын белгилешти.
Канышай Мамыркулованы милиция 20-мартта үйүнөн кармап кеткен. Сот аны 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал «Жапырт башаламандыктарга чакыруу», «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталууда.