Ош: Борбордук базар 20-апрелде көчүрүлө баштайт

Image descriptionОштун борбордук базары 20-апрелде жаңы курулган базарга көчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Жеңишбек Токторбаев ага чейин жаңы базардын тегерегинде бүтпөй калган жумуштарды бүтүрүп, унаа токтоочу жайларга асфальт төшөө тапшырмасын койгону айтылды.

Өткөн жылы жайда борбордук базарды сел каптагандан кийин аны шаардын сыртына көчүрүү чечими кабыл алынган. Буга соодагерлер нааразы болуп, мэриянын алдында митинг өткөрүшкөн.