УКМК Каракол шаарынын мурдагы мэри Фархат Алжамбаев кармалганын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мэриянын жетекчилиги муниципалдык жерди арзан баада саткан.
УКМК биринчи вице-мэр жасалма аукцион уюштуруп, Кашка-Суу кичи районундагы жерди жеке менчикке бергенин, кийин ал жер кымбат участокко алмаштырылганын билдирди. Бул иштер Алжамбаев мэр болуп турганда ишке ашырылган.
Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.