❗️Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Image descriptionЧүй облусунун Дмитриевка айылында дарыяга түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

9-апрелде 6 жашар бала Дмитриевка айылындагы Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 217 адам тартылган. Баланын сөөгү бүгүн, 10-апрелде табылып, милицияга өткөрүлүп берилди.