Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыялайт. Бул чечим 9-10-апрелде комиссиянын экинчи отурумунда кабыл алынды.
Министрлик буга чейин сунушталган варианттарда мазмундук жана көркөм талаптарга жооп берген чыгарма табылбаганын билдирди.
Буга байланыштуу сынакты жарыялоодо жобого өзгөртүү киргизүү сунушталды. Ага ылайык алгач гимндин тексти тандалып алынат. Экинчи этапта тандалган текстке музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыяланат.
Сынакка буга чейин катышкан авторлор бул жолу да жаңы долбоор менен катышса болот.
Буга чейин министрлик гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыялап, жеңүүчүгө 1,5 млн сомдук сыйлык убадаланган.
Гимнди өзгөртүү демилгеси парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал муну гимнде «советтик калдыктар бар жана ырдоого татаал» деп түшүндүргөн.