Ошто тургунду унаага салып кетип ур-токмокко алган эки шектүү кармалды

Image descriptionОш шаарында 36 жаштагы тургунду унаага салып кетип ур-токмокко алып, аны видеого тарткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 12-мартта болгон. Эки адам 36 жаштагы тургунду шаардагы «Улук-Ата» кафесинин алдынан көптөп уруп, андан кийин «Матиз 2» унаасына салып кетишкен. Уруп-сабоону улантып, аны телефондоруна видеого тартышкан.

Экспертиза жабыралунуучуга «анча оор эмес зыян келди» деп чыккан. Милиция «Адам уурдоо» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары Араван районунун тургундары кармалган.

26 жаштагы шектүүнүн үйүнөн документи жок ок атуучу курал табылган. Эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, эки айга камакка алынды.

Тергөө уланып жатат.