Орусиянын Москва шаарында полиция сабап кармаган кыргыз мигранттарынын төртү Орусиядан чыгарылат, 20сы коё берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Өткөн жумада соцтармактарда мигранттарды орус полициясы мончодо уруп-сабаган видео тараган. Ал көбүнчө кыргыз мигранттары барган мончо болгону айтылган.
Сабалган мигранттардын бири «Азаттык» үналгысына окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай сабап, ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.