❗️Ошто уурулукка кирип аялды өлтүргөн шектүү кармалды

Image descriptionОш шаарында 38 жаштагы аялды өлтүргөн 19 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу 14-апрелде Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, таңкы саат 04:10до Ак-Тилек кичи районунда аялдын киши колдуу болгону тууралуу кабар түшкөн. Ыкчам топ жерине барып анын муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалган.

Ал аялдын үйүнө уурулукка кирип, аны өлтүрүп, автоунаасын уурдап кеткени белгилүү болгон. Ошондой эле ал мурда бул үйдө ижарачы болуп жашап кеткени аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.