‼️Укук коргоочу Рита Карасартованын үйү тинтилди, өзүн суракка алып кетишти

15-апрелге караган түнү укук коргоочу Рита Карасартованы Чүй ОИИБге суракка алып кетишти. Мурдараак анын үйү тинтүүгө алынган — Карасартова ал учурда дүкөндө болгонун Фейсбугуна жазган.

Карасартова тинтүүгө буга чейин баракчасына Тилекмат Куреновдун катын жарыялаганы себеп болгонун божомолдогон.

Анын кызы Касиет Мамырбай тинтүүгө түндө 12 киши келгенин, анын үчөө куралчан жана беткапчан болгонун айтты. Ошондой эле, алар апасы менен кошо электрондук буюмдарды жана документтерди алып кеткенин кошумчалады.

Ушул эле күнү Карасартова баракчасына активист Тилекмат Куреновдун ага бир нерсе болсо жарыялоону өтүнгөн каты менен бөлүшкөн. Анда Куренов үй-бүлөсүнө кайрылып кечирим сураган.

Ошондой эле катта «эч кандай мыйзамсыз иш жасабаганын, болгону мыйзам баарына бирдей өлкөдө жашагысы келгенин» жазган.

Жакындарынын айтымында, Дубайда Куренов 10-апрелден бери дайынсыз болууда. Азырынча укук коргоо органдары анын жоголгону же тинтүү боюнча эч кандай маалымат тарата элек.

Бирок 14-апрелде Бишкек милициясы массалык башаламандыкка шектелип Куреновдун эки тарапташы кармалганын билдирген. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.