‼️Бишкек: Мектепте классташы урган кыз каза тапты

Бишкектеги №31 мектепте классташы ургандан кийин 15 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.

Окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Дарыгерлер келгенде кыздын көз жумганын аныкташкан.

Милиция кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда мектептеги мушташуулар жана буллингден улам бир нече өспүрүм каза болду. Мындай окуялар Бишкек, Кант шаарларында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда катталган.