Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү бузуулар боюнча маалымат жыйында сүйлөгөн жаран милицияга сурак берип чыкты. Маалыматты «Клоопко» Ош шаардык милициясы ырастады.
15-апрелде аталган көчөнүн 20дан ашык тургуну маалымат жыйын өткөрүп, мэрия бузулат деп аныктаган турак жайларынын расмий документтери бар экенин билдиришкен. Алар «бийлик адегенде компенсация төлөп берип, андан кийин гана үйлөрдү бузса болмок» деп нааразы болушкан.
16-апрелде милиция маалымат жыйында сүйлөгөн жарандардын бирин алып кеткен.
«Биздин кызматкерлер бир жарандын жүрүм-туруму жана айткан сөздөрү шек жараткандыктан аны алып келишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын Навои көчөсүндө бузууга илешкен эч кандай үйү болгон эмес. Ошондой эле Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Жөн гана элге кошулуп алып, провокация кылып жаткан»,
— деп билдиришти милициядан.
Милициядан жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин коё берилгенин кошумчалашты.
«Элдин көйгөйүн айтканы чыктым эле деди. Күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, экинчи андай кылбаймын деди. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кеткен»,
— дешти Ош ШИИБден.
Ош бийлиги Навои көчөсүн 30 метрге кеңейтүүнү пландап жатат. Бул үчүн жолдун боюндагы үйлөрдүн кызыл сызыкка чыккан аймактары сүрдүрүлмөй болгон. Мэрия эскертүү берип, 12-апрелде курулуштарды мажбурлап буза баштаган.
Бирок тургундар мэрия жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөнүн айтышкан. Алар жолдун кеңейишине каршы эмес экенин белгилеп, комиссия үйлөрүнүн наркын адилет баалап, кенемте төлөнүп берилишин жана шарты бар жер тилкесине көчүрүшүн талап кылышууда.