Укук коргоочу Рита Карасартовага Тилекмат Куреновдун катын Фейсбук баракчасына жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыкты даярдоого катышкан» деген айып тагылууда.
Свердлов райондук сотунда 17-апрелге караган түнү дароо эки отурум өттү. Биринчиси — Карасартованы кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү тууралуу, экинчиси — ага карата бөгөт чарасын тандоо боюнча болду.
Сот Карасартованы кармоо мыйзамсыз, бирок негиздүү деп тапты.
Мындан улам аны 12-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Жактоочулар сот отуруму бузуулар менен коштолгонун белгилешти. Адвокаттардын айтымында, судья Жаныбек уулу Адил ишти кароого кабыл алганын тастыктаган процесстик документтерди бербей, жактоочунун өтүнүчү боюнча котормочу да камсыздаган жок.