Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган 25 кызматкерге чара көрүлдү

Image descriptionБашкы прокуратура салык кызматкерлери ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салганын аныктап, 25 кызматкерди жазага тартты.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, салык инспекторлору ишкерлерге мыйзамсыз түрдө 5 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салышкан. Мыйзам боюнча эскертүү гана берилиши керек болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, мыйзамсыз чыгарылган токтомдор жокко чыгарылып, 25 салык кызматкеринин ар бирине 10 000 сом айып салынган.