Сот журналист Канышай Мамыркулованын мүлкүн камакка алды

Image descriptionБишкектеги Свердлов райондук соту камактагы журналист Канышай Мамыркулованын үйүн камакка алды. Бул тууралуу 17-апрелде укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, камакка алынган батир — Мамыркулованын жалгыз мүлкү. Журналист ал үйдө үй-бүлөсү менен жашачу.

Канышай Мамыркулованы милиция 20-мартта үйүнөн кармап кеткен. Милиция журналист Facebook баракчасы аркылуу «кыргыз-тажик чек арасы боюнча бурмаланган маалыматтарды» таркатканын билдирген.

Ага «Жапырт башаламандыктарга чакыруу» жана «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айып тагылган.

22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин ТИЗОго камакка алган.

Мамыркулованын өзүнүн айтымында, ага каршы кылмыш иши коомдук, саясий жана социалдык маселелерди чагылдырганы үчүн ачылган.