2025-жылдын башынан бери 2 600дөн ашуун мас абалында унаа башкарган айдоочу айдоочулук укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Жалпы 301 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу учуру аныкталып, анын тең жарымын жол белгилерине баш ийбеген айдоочулар түзөт. Мындан тышкары, ылдамдыкты ашырып жана тийиштүү документтери жок унаа айдагандар да көп катталган.
3 700дөн ашык мас абалында унаа башкаргандар аныкталып, алардын 2 600дөн ашыгы айдоочулук укугунан ажыратылды.