УКМК 19-апрель күнү кечинде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмирлигинде кармалып, өлкөгө жеткирилгенин маалымдады.
Маалыматта активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелип, эл аралык издөө жарыяланганы айтылат.
Буга чейин Куреновдун жакындары ал 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын соцтармактарга жазышкан. Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова Тилекматтын өтүнүчү деген тариздеги кат жарыялап, көп өтпөй үйүндө тинтүү жүрүп, өзү камакка алынган.