Москва полициясы «Бодрость» мончо комплексинин башкаруучусуна жана дагы эки кыргызстандыкка кылмыш ишин козгоду — алар мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелүүдө. Бул тууралуу 18-апрелде Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Анын айтымында, иштин эки фигуранты камакка алынып, мончонун башкаруучусу үй камагына чыгарылды.
Полициянын маалыматына ылайык, кыргызстандыктар «чет өлкөдөн келген такси айдоочуларына кызмат көрсөтүп турган Москванын Тимирязев районундагы уюмдун ишмердүүлүгүн камсыздашкан».
«Рейддердин биринин жүрүшүндө полиция кызматкерлери өндүрүштүн ичинде тиешелүү документи жок иштеп жана жашап жүргөн чет элдиктерди кармап, алар өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы аныкталды», — деди Волк.
Ал «мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чаралар улантыларын» кошумчалады.
Буга чейин соцтүйүндөрдө Орусиянын полиция кызматкерлери Москвадагы мончолордун биринде Кыргызстандын жарандарын жапырт сабап жатканы тартылган видео тараган.
Кийинчерээк кыргызстандыктар окуя 10-апрель күнү болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, полициячылар мигранттарды сабап, түрдүү жолдор менен кыйноого алып, андан соң айып пул төлөөгө мажбурлашкан. Ошол эле маалда Орусиянын ИИМи полиция кызматкерлери «Бодрость» мончосунда «мыйзамдын алкагында иш алып барганын» маалымдаган.
145тен кем эмес адамдын өмүрүн алган Подмосковьедеги «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Орусиянын дээрлик бардык аймагында борбор азиялык мигранттарга карата агрессия күчөгөн. Мигранттар жапырт түрдө кармалып, көбү өлкөдөн чыгарылган. Теракттан кийин Кыргызстан ТИМи өз жарандарын өтө зарылдык болбосо, Орусияга барбай турууга бир нече жолу чакырган.
Кыргызстан ТИМинин 2025-жылдын башындагы маалыматына ылайык, Орусияда 376 миңден ашык кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.