Биринчи май райондук соту 21-апрелде оппозициячыл активист Тилекмат Куреновду 19-майга чейин камакка алды.
Мурдараак аны бөгөт чарасын тандоо үчүн сотко жеткиришкен.
«Ыйлабагыла! Апа, ыйлабаңыз!» — деп жакындарына кыйкырган ал.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров сот жабык өтөрүн жазган.
Куренов 19-апрелде БАЭде УКМК тарабынан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Белгилүү болгондой, ал 10-апрелден бери үй-бүлөсү менен байланышпай калган.