Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери жалданмачылыкка шек саналып кармалды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы ырастады.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголгон.
Бул бөлүктө «башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу» деп жазылган.
Биринчи май райондук соту шектүүнү 17-июнга чейин камакка алды.
Учурда шектүүнүн кимге жана кандай максатта жалданганы тууралуу расмий маалымат айтылган жок.