Ошто желимдөөчү жайда дөңгөлөк жарылып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.
Окуя 22-апрелде Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында болгон.
«Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергѳѳ тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган»,
— деп билдирди облустук милициядан.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.