Ошто зордуктоо фактысына байланыштуу антикинотеатрларды жабуу сунушталууда

Image description24-апрелде Оштун вице-мэри Салтанат Аманова шаардагы антикинотеатрларды жабууну сунуштады. Ал өткөн жылы аталган жайларда 3 жашы жете элек кыз зордукталганын айтты.

Ош ШИИбдин башчысы Дамирбек Исаков жыйында 15-17 жаштагы 3 кыздын зордукталганы боюнча факты катталганын ырастады. Ал вице-мэрдин антикинолорду жабуу сунушун колдоду.

«Антикино деген негизи биздин кыргыздардын менталитетине жараксыз нерсе экен. Салтанат Абдылдаевна туура маселени көтөрдү. Антикино дегенди жабышыбыз керек. Бул бизге терс көрүнүштөрдү алып келип атат», — деди Исаков.

Ал эми Ош ШИИБден «Клоопко» 3 кыздын биринин гана иши сотко өткөнүн билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, эки иш экспертизада кылмыштын курамы аныкталбай кыскартылган.