Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-апрелде Телеграм-каналына жазды.
Бекешев орус депутаты Михаил Матвеев Кыргызстанды «ордуна коюп коюш керек болгон уюм» деп атап, өлкөнү мазактады деп эсептейт. Ал Матвеев мындай билдирүүнү Кыргызстан УКМКсы «Орусиянын армиясынын катарында согушууга адамдарды азгырган» төрт кишини кармагандан кийин жасаганын белгиледи.
«Мен УКМК тараптамын. Бизге жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгуу зарыл. Мындай мыйзам дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Ушундай билдирүүлөрү үчүн алардын Кыргызстанга киришине, өлкөдө кандайдыр бир ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салышыбыз керек», — деди Бекешев.
Ал Кыргызстан кезинде орусиялык маркум депутат Владимир Жириновскийди да персона нон-грата деп жарыялаганын, мындан улам ал кийин Кыргызстанга келе албай калганын эске салды.
«Михаил Матвеев сыяктуулар биздин өлкөлөрдүн ортосуна жик салып, чатак чыгарууга болгон аракетин көрүп жатышат. Дипломатияга жатпаган мындай билдирүүлөр Орусиянын өзүндө токтотулушу керек. Өз кезегинде биз ТИМге элчини чакырып, ага нота тапшыруу жана Михаил Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоо тапшырмасын беришибиз керек», — деди Бекешев.
23-апрелде Мамдуманын аймактык саясат комитетинин төрага орун баары Михаил Матвеев Оштогу «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секеринанын кармалышы боюнча RTVI басылмасына комментарий берип, Орусия «ашынып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп кое аларын» билдирген.
Ал Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалардын «экономикасынын чоң бөлүгү Орусияга көз каранды экенине жана Москва алардын мигранттарынын көбүн кабыл алып жатканына карабастан», бул өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен ТИМдери Орусияга карата «кыйла ашынган» мамиле кылып жатканын айткан.
«Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Ашынып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар», — деген депутат.
Ал ошондой эле «Кыргызстандын бийлиги белгилүү бир чектен чыгып жатканын» айтып, бирок Жеңиш күнүнүн алдында «жаңжалдын күчөшүн эч ким каалабастыгын» кошумчалаган.
Эки өлкө депутаттарынын мындай кескин билдирүүлөрү Кыргызстанда жана Орусияда биринин артынан бири болгон эки окуянын фонунда жасалууда.
Буга чейин УКМК Оштогу «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секеринаны жалданмачылыкка азгыруу иши боюнча кармаганы белгилүү болгон. Аны менен бирге бул иштин алкагында дагы үч киши, анын ичинде Ош мэриясынын басма сөз кызматкери Сергей Лапушкин жана орусиялык саясий технолог Виктор Васильев кармалган. Төртөө тең 17-июнга чейин камакка алынган. Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, кармалгандар Украинадагы согушка жарандарды азгырган деп шектелүүдө.
Мындан бир нече күн мурда Орусиянын күч кызматкерлери Москвадагы мончолордун биринде кыргыз жарандарын сабаганы тартылган видео жарыяланган. Анда Кыргызстан ТИМи орус элчиси Сергей Вануковду чакырып, ага нааразылык нотасын тапшырган.
Кыргызстандыктар полиция кызматкерлери аларды сабап, кыйноого алып, андан соң айып төлөөгө мажбурлашканын билдиришкен. Бирок Орусия ИИМи полиция кыргыз жарандарына карата «эч кандай мыйзамга каршы аракеттерди жасабаганын» билдирген.
Кийинчерээк Москва полициясы мыйзамсыз миграцияга байланыштуу үч кыргызстандыкка кылмыш ишин козгогон. Алардын экөө камалып, мигранттар сабалган «Бодрость» аттуу мончо комплексинин башкаруучусу үй камагына алынган.