Сот «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүн үч жылдык пробация менен бошотту

24-апрелде Бишкектеги Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди үч жылдык пробациялык көзөмөл жазасына кести. Сот жараяны жабык өттү.

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүнүн адвокаты Айбек Турдуев соттун чечимин мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, айыпталгандардын күнөөсүн далилдеген бир дагы факты жок.

«Албетте, биз бул чечимге каршы арыз беребиз. Мындай өкүмдү күткөн эмеспиз. Эгер сот мыйзамга таянып чечим чыгарган болсо, айыпталгандардын баарын акташы керек болчу», — деди юрист.

Партия лидери Темирлан Султанбеков да соттун чечими менен макул эместигин билдирип, даттанышарын кошумчалады.

2024-жылдын 13-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында милиция Бишкектеги «Социал-демократтардын» штабын тинтүүгө алган. Андан кийин партия лидери Темирлан Султанбеков, анын партиялаштары Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча камакка алынган. Мындан улам партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.

Февралдын аягында бул ишке байланыштуу сот жараяндары жабык өтүп, ЖМКлар катышкан эмес.

Кийинчерээк социал-демократтарга карата добуш сатып алуу менен катар эле алдамчылык жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузуу айыптары да коюлганы белгилүү болгон.

Адвокаттар сот жараяндарында бир нече жолу мыйзам бузуу болгонун айтып чыгышкан.