Кыргызстандын хоккей курамасы үчүнчү дивизиондогу командалар арасында өткөн дүйнө чемпионатын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оюндар 21-апрелден 27-апрелге чейин Түркиянын Стамбул шаарында өттү.
Кыргызстандын курама командасы бардык беш оюнда тең жеңишке жетти: Люксембург командасын 6:0, Түштүк Африка Республикасын 5:2, Босния жана Герцеговинаны 5:1, Түркмөнстанды 8:1 эсебинде утту.
Финалдык оюнда кыргыз хоккейчилери Түркия курамасы менен кез келишти. Беттеш Кыргызстандын пайдасына 3:1 эсебинде аяктады.
Мелдештин жыйынтыгында кыргыз курамасы 3A тайпасында биринчи орунга ээ болуп, 2B тайпасына жолдомо алды.