Ош: 18 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 2 адам кармалды

Image descriptionОшто 18 жаштагы кыз оор жаракат алып каза болду. Кылмышка шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.

25-апрелде Оштун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында 18 жаштагы кыз белгисиз жаран тарабынан денесине алган жаракаттан каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип Кара-Суу районунун 18 жаштагы Жалал-Абад облусунун 16 жаштагы тургуну кармалган.

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө.