Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Image descriptionКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон бир жолку жардам берилет.

2024-жылдын 1-апрелине карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери катталган. Президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүнөт.

Жардам төмөнкү категориядагы адамдарга берилет:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;

Нацисттик концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

1941–1944-жылдары Ленинград блокадасы маалында иштеп, атайын медаль же белги менен сыйланган адамдарга берилет.

Быйыл жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.